Өлкөдө эң аз 15 миң сом айлык алган маданият кызматкерлеринин маянасы 30-35 миң сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта "Биринчи радионун" түз эфиринде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчысынын маданиятка жана спортко болгон колдоосу боюнча демилгеси ишке ашып жатат.
"Маданият тармагына акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин бул жылкы эле бюджетибиз 6 миллиард 400 миллион сомду түздү. Бул айлык маянадан баштап, материалдык техникага чейинкинки багытты камтыйт. Мындан тышкары кошумча маданий иш-чараларга каражат бөлүнүп жатат", - деди Надырбеков.
Ал сөзүн улай 1-апрелден баштап маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөрүн белгиледи.