Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков медицина кызматкерлерин бейтаптарга сылык мамиле кылууга чакырды.
Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 13-марттагы “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
"Ишиңиздер оор, бирок кээ бир учурда бейтаптарга жакшы, маданияттуу мамиле кылышса. Түшүнөм, кечке чарчашат... Бейтаптар келгенде сылык кабыл алышса. Абдан орой мамиле кылышат" деп бизге кайрылып жатышат",- деди эл өкүлү.
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев айрым дарыгерлердин орой мамилеси боюнча кечирим сурап, бул боюнча иштер жүргүзүлө турганын белгиледи.
"Маселе көп негизи. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов "Эң кыйыны күн сайын адам болуу" дейт. Кээ бирде айрым медицина кызматкерлери бизди уят кылып коюуда. Ал үчүн кечирим сурайм! Бул боюнча иш алып барабыз",- дейт Мамадалиев.