Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар унаа жолдорунун курулушун текшерди

Бүгүн, 14-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар унаа жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Каракол–Эңилчек автоунаа жолунун узундугу долбоорго ылайык 105 чакырымды түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө.

Андан ары Касымалиев узундугу 60,5 чакырым болгон Каракол–Токтогул–Жыргалан автоунаа жолунун курулушун көрдү. Мындан тышкары 75 чакырым болгон Балыкчы–Барскоон–Каракол автоунаа жолун жана узундугу 16,9 чакырым болгон Жети-Өгүз–Кой-Сары автоунаа жолун реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталды.

Унаа жолдорунун курулушун каржылоо республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Төрага тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан