
Чүй облусунда мурдагы аялын уурдады делген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 13-марттта болжол менен саат 17:30 чамасында Ысык-Ата райондук милициясына 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Ал Ч.Ж. аттуу карындашын мурдагы жолдошу келинге таандык Honda Fit үлгүсүндөгү унаага күч менен салып алып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 1990-жылы туулган Ч.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө келинди жолдошу ошол күнү саат 09:00 чамасында тоого алып чыгып кеткени аныкталды. Ал жерде, көрүстөндөрдүн жанында, аны өлтүрөм деп коркутуп, 40 миң долларын берүүнү талап кылган. Андан соң ал 21:00гө чейин аялга карата зомбулук жана ыпылас мамиле көрсөткөндүгү маалыматта кошумчаланды.
Тергөө иштери уланууда.