Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы кезектеги беттеши америкалык Крис Кёртисти жеңди. Беттештин үч раундунда Мыктыбек так жана ишенимдүү соккулары менен атаандашын артта калтырды. Жыйынтыгында калыстар жеңишти бир добуштан кыргызстандык спортчуга ыйгарды.
Бул Мыктыбек Оролбай уулунун катары менен үчүнчү жеңиши. Өткөн жылы кыргыз мушкери жеңил салмактан жарым орто салмакка көтөрүлгөн болчу, ал эми Кёртис орто салмактан төмөн түшүп, бул дивизиондогу экинчи беттешин өткөрдү.
Беттеш UFC Fight Night 269 турниринин алкагында АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченинде күч сынашты.