Бүгүн, 15-мартта Аталар күнүн утурлай Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунда аталар балдарын жалгыз тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө барды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты – балдарды жалгыз тарбиялап жаткан аталарга колдоо көрсөтүү. Министр эки үй-бүлө менен жолугуп, белектерди тапшырды.
Биринчи үй-бүлө — жети баланы жалгыз тарбиялап жаткан көп балалуу атанын үй-бүлөсү. Экинчи үй-бүлөдө Хасанбай ата төрт баланы тарбиялап келет, алардын бири майыптыгы бар бала. Ал күн сайын көптөгөн сыноолорду жеңип, чоң жоопкерчилик жана бекем эрк менен балдарына кам көрүп, алар үчүн жылуу, сүйүүгө жана колдоого толгон үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүп келет.
Сапардын жүрүшүндө министр балдарга мектеп парталарын, кир жуугуч машиналарды, азык-түлүк пакеттерин жана күнүмдүк жашоого керектүү буюмдарды тапшырды.