Биз социалдык тармакта

"Аргасыз болдум..." Шайырбек Ташиев шайлоочуларына кайрылды

Кечээ, 14-мартта Шайырбек Ташиев мандатын тапшырган соң шайлоочуларына жана жердештерине кайрылуу жасады.
Ал саясий стабилдүүлүк, тынчтык үчүн бул кадамга аргасыз барганын белгиледи.
"Сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй-бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду. Мен үчүн эң башкысы — сиздердин ишеним. Сиздер мага көрсөткөн колдоону жана ишенимди ар дайым жогору баалайм. Саясий кызматта болобу же башка тармакта болобу, мен ар дайым өз өлкөмө жана элиме кызмат кылууну улантам", - деп белгиледи Ташиев.
Эскерте кетсек, 13-мартта Ташиев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыккан. Азырынча ал кайсы кылмыш иши жана кандай макамда суракка чакырылганы белгисиз. Ал эми кечээ, 14-мартта БШК анын ыйгарым укуктарын токтотту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан