Бүгүн, 15-марттагы Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевди мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты.
Отурумда эл өкүлү өз каалоосу менен арыз бергени белгиленди. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан анын арызын канааттандыруу чечимин кабыл алышты.
Эскерте кетсек, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт" депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен лидерликтен кеткен. Ал №17 шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен эл өкүлү болуп келген.