50 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталып салынып жаткан "Бишкек Арена" стадионунун ичинде "Bishkek Arena Mall" аталышындагы заманбап соода борбору жайгашат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда стадиондун курулушу толук кандуу жүрүп, долбоор акыркы этаптарына жакындап калды. Ал эми соода борбордун курулушуна жакында старт берилет.
"Аталган соода борбору үч кабаттан туруп, ишкерлер жана келүүчүлөр үчүн бардык шарттар менен камсыздалат. Алдын ала пландар боюнча 2026-жылдын 1-апрелинен тартып «Bishkek Arena Mall» соода борборундагы соода жайларын сатууга старт берилет. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүккө кызыккан ишкерлерди азыртан даярданууга чакырабыз. Телефон номерлер жана кошумча маалыматтар 1-апрелден тартып жарыяланат. Соода борборуна келген жарандар үчүн жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Мындан тышкары объект толугу менен заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалып, Бишкектеги эң кооз соода борборлорунун бири болот", - деп билдирди Туманбаев Фейсбуктагы баракчасынан.