Биз социалдык тармакта

Казакстан Жакынкы Чыгыштан жарандарын эвакуациялоону аяктады

Казакстан Жакынкы Чыгыштан жарандарын эвакуациялоону аяктады. Жалпысынан мекенине 10 миң 275 адам кайтарылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, эвакуация ар кандай маршруттар аркылуу жүргүзүлгөн. Бул иштерге Казакстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү көмөктөшкөн.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болгон сапарлардан убактылуу баш тартууну сунуштап, кооптуу деп эсептелген мамлекеттердин тизмесин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан