Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Бүгүн, 15-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчысы белгиленген аймактарга жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошорун, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.
"Шаарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатында келечекте шаардын четки аймактарына өндүрүш түрлөрүнө жараша атайын аймактарды ачуу пландалууда. Озгур айылына агрардык өндүрүш, Жапалакка тамак-аш өндүрүшү, Алымбек датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы жана Жибек Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасын түзүү каралууда", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан