Биз социалдык тармакта

Дубай аэропортунда каттамдар убактылуу токтотулду

Дубайдын эл аралык аэропортунда каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар калаанын жарандык авиация башкармалыгына таянып жазышты.

Буга чейин аэропортко жакын жерде дрон чабуулуна байланыштуу күйүүчү май куюлган цистерна күйүп кеткени айтылган. Учурда Дубайдын Жарандык коргонуу топтору өрттү көзөмөлгө алуу иштерин жүргүзүүдө. Анын кесепетинен жабыркагандар жок экени айтылууда.

"Дубайдын жарандык авиация башкармалыгы бардык жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алдын ала чара катары Дубай эл аралык аэропортунда каттамдардын убактылуу токтотулгандыгын жарыялады",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан