Казакстандын Астана шаарындагы добуш берүү тилкелеринин биринде жигит сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, видео бөлүштү.
Анда маалымдалгандай, жигит сүйүктүүсү республикалык референдумда добуш берип чыккандан кийин дароо үйлөнүү сунушун айткан. Кыз сунушту кабыл алып, "Бүгүн мен эки жолу "ооба" дедим" деген. Тагыраагы, ал референдум бюллетенинде "Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?" деген суроого "ооба" добуш бергенин жана үйлөнүү сунушу тууралуу айткан.
Окуяга күбө болгондор эки жашка бакыт каалашкан.
Айта кетсек, Казакстанда 15-мартта жаңы Конституция боюнча референдум өттү.