Биз социалдык тармакта

Трамп Ормуз кысыгын калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам күтөрүн айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну калыбына келтирүүдө Кытайдан жардам күтөрүн билдирди. Бул тууралуу Трамп Financial Times гезитине берген маегинде айткан.

"Мен Кытай дагы жардам бериши керек деп ойлойм. Анткени, Кытай мунайдын 90 пайызын Ормуз кысыгы аркылуу алат",- деген АКШнын лидери.

Трамп буга чейин Кытай, Франция, Япония, Түштүк Корея, Британия жана башка өлкөлөрдү Ормуз кысыгына согуштук кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Ошондой эле бул аракетте Кытай алдыда болушу керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан