Татарстандагы жол кырсыгынан 2 кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каргаша кечээ, 15-мартта Набережные Челны - Альметьевск унаа жолунун 81-чакырымында болгон. Анда Камаз жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасыны сүзүшкөн. Натыйжада, 39 жаштагы айдоочу жана 38 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушкан.
Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда.