Белгилүү америкалык ырчы, актёр Бинг Кросбинин Калифорния штатынын Хилсборо шаарындагы үйү 29 миллион долларга сатыкка коюлду. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазат.
Ал турак жайды инвесторлор Мехрдад жана Неда Эли сатышууда. Алар бул үйдү өткөн жылы 25 миллион долларга сатып алып, бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.
Бинг Кросби АКШдагы эң ийгиликтүү поп ырчылардын бири болуп эсептелет. Анын чыгармачылыктагы популярдуулугу 1930-1940-жылдарга туш келет. Кээ бир эсептөөлөр боюнча анын ырларынын пластинкаларынын саны 1 миллиарддан ашкан.
Хилсбородогу француз шатоэск стилиндеги эки кабаттуу үй 1920-жылдары курулган жана 11 уктоочу жана 15 жуунучу бөлмөдөн турат. 1960-жылы Кросби аны экинчи жубайы Кэтрин Грантка белек кылган. Ал эми 2025-жылы Кросбинин мураскорлору сарайды сатыкка коюшкан. Алар алгач бул үйдү 40 миллион долларга сатууну көздөшкөн, бирок аны 15 миллион долларга арзан сатышкан.