"Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты оператордук иш" номинациясын америкалык оператор Отем Дюральд Аркапоуга жеңип алды.
Бул сыйлык ага "Күнөөлүүлөр" тасмасындагы эмгеги үчүн ыйгарылды. Ал аталган номинацияда "Оскарды" уткан биринчи аял болуп калды. Ошондой эле бул категорияда көрсөтүлгөн төртүнчү аял катары тарыхка кирди.
Белгилей кетсек, бул Дюральд Аркапонун карьерасындагы "Оскарга" болгон алгачкы номинациясы. Буга чейин ал "Пало-Альто", "Мейнстрим" жана режиссёр Жиа Коппола тарткан "Шоу кыз" тасмаларында оператор болуп иштеген. Мындан тышкары, ал "Кара Пантера: Ваканда түбөлүккө" тасмасынын тартылышына да катышкан.
Эске салсак, дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгын 98-жолку тапшыруу аземи өттү.