Биз социалдык тармакта

Трамп Иран менен келишим түзүүнүн милдеттүү шартын атады

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен келишим түзүүнүн биринчи жана милдеттүү шартын атады. Айтымында, Иран өзөктүк курал жасоо пландарынан баш тартышы зарыл.

"Эч кандай өзөктүк курал жок. Баары ушундан башталат. Андан соң, башка көп нерселер бар",- деген Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Америка лидери ырастагандай, Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону каалайт, бирок али даяр эмес. Ал ошондой эле АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык деңгээлде диалог жүрүп жатканын белгилеген.

Трамп ошондой эле Иранга каршы операция аяктаганын жарыялоого даяр эместигин билдирген.

Буга чейин Трамп Иран менен келишим түзүүгө даяр эместигин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан