Биз социалдык тармакта

"Туулган күнүм Кадыр түнгө туш келди". Актриса Асел Шалтаева 40 жашка толду

Бүгүн, 16-мартта "Министрдин кызынын махабаты", "Дудук кыз" тасмаларында башкы каармандын ролун жараткан актриса Асел Шалтаева 40 жашка толду. Актриса айым туулган күнүнө карата социалдык тармактагы баракчасына пост жүктөп, өздүк майрамы Кадыр түнгө туш келгенин белгилеп өттү.

"Мен бүгүн кырк жашка чыктым. Экинчи жыл катары менен туулган күнүм орозо айына туш келип жатат. Быйылкы туулган күнүм өзгөчө, анткени Кадыр түнгө туш келди.

Кырк жашка келип, азыркы акылыма, ойлорума жана жашоомо жеткениме Аллага шүгүр, бактылуумун! Жаратканым жамандан алыстатып, жакшысына кошсун. Мындан аркы жашоом дагы берекелүү, маңыздуу болсун деп тилейм",- деген ал.

Асел Шалтаева 1986-жылы 16-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу балалыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Ал Бишкек шаарындагы №52-мектепте 9-класска чейин окуган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссёрлук боюнча билим алган.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын мээримдүү апасы. Кыргыз Эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын келини.

16-мартка карата жылнаама.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан