Таймурас Ташиев атасы, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жаңы сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сүрөттөрдөн Ташиевдин келбетинде өзгөрүүлөр болгонун көрүүгө болот. Тагыраагы, сакал-муруту өсүп, чачтары агара түшкөнү байкалат.
Айта кетсек, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында вице-премьер-министр жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы кызматынан бошотулган.