Биз социалдык тармакта

Ирандын жогорку лидери жаракаттан кийин Москвага жашыруун чыгарылганы айтылды

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи жаракат алгандан кийин жашыруун түрдө Москвага дарыланууга алып кетилген. Бул тууралуу Кувейттин Al Jarida басылмасы жогорку кызматтагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Хаменеи АКШ жана Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттеринин биринчи күнү 28-февралда жаракат алган. Андан кийин ага ооруканада туруктуу медициналык жардам көрсөтүү талап кылынган.

Басылманын билдиришинче, Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Хаменеини Москвада дарылоону сунуштаган. Натыйжада ал атайын жашыруун рейс менен Орусиянын борборуна жеткирилген.

Ошондой эле Хаменеиге Москвада операция жасалып, учурда ал Путиндин резиденцияларынын бириндеги клиникада дарыланып жатканы кабарда жазылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан