Биз социалдык тармакта

Израил армиясы Ливандын түштүгүнө кирди

Израилдин коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүк аймактарында чектелген жана максаттуу жер үстүндөгү операцияларды жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аскерий мекеменин маалыматына ылайык, акыркы күндөрү израилдик аскерлердин 91-дивизиясы “Хезболла” кыймылынын негизги таяныч пункттарына каршы операцияларды баштаган. Бул аракеттер алдыңкы коргонуу тилкесин бекемдөөгө багытталган.

Маалыматта айтылгандай, жер үстүндөгү күчтөр киргизилгенге чейин аталган объектилерге каршы массалык аба соккулары жана артиллериялык аткылоолор жасалган.

Операциялар негизинен Ливандын түштүк бөлүгүндө жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Израил армиясы бул аракеттер “Хезболланын” аскердик инфраструктурасын алсыратууга багытталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан