Биз социалдык тармакта

Унаасынын номуруна сүйлөшкөн кызынын атын жаздырып алган айдоочу айыпка жыгылды

Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна жасалма мамлекеттик номур колдонгону үчүн 55 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалымдагандай, унаага тагылган номурда Нурайым деген жазуу болгон. Айдоочу ал сүйлөшкөн кызынын аты экенин айткан. Жыйынтыгында унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары унаанын алдыңкы каптал айнектери ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жок мыйзамсыз караңгылатылганы аныкталган.

Унаасынын номуруна сүйлөшкөн кызынын атын жаздырып алган айдоочу айыпка жыгылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан