Иран Харк аралын басып алууга аракет кылгандарды катуу жооп күтүп турганын билдирди. Бул тууралуу Ислам Республикасынын парламентиндеги энергетика комитетинин өкүлү Эсмаил Хосейни жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.
Анда ал душмандар Харк аралына кол салууну пландаштырса, аларга Ормуз кысыгындагы окуялардан да катуураак жооп болорун эскертип өткөн.
"Эгерде душмандар аралга кол салууну пландашса, анда арал баскынчылардын көрүстөнүнө айланарын билиши керек",- деген Хосейни.
Ошондой эле Хосейни учурда аралда абал туруктуу экенин, мунай экспорттоо үзгүлтүксүз уланып жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, бугай чейин чет элдик басылмалар АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын эң маанилүү мунай объекттери жайгашкан Харк аралын басып алууну көздөп жатканын жазышкан.