Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов футбол аянтчасы курулуучу жерлерди көрүп чыкты.
Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалган. Футбол аянтчалары төмөнкү аймактарда курулат;
- Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарына;
- Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына;
- Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарына;
- Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак, Зардалы айылына;
- Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылына.
Ошондой эле мындан кийин да облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу иштери уланат.