Бишкекте 18-марттан тарта №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэрия жарыялап, жарандарга сапарларын алдын ала пландап алууну эскертти.
Эми аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт.
