Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани каза болгонун анын кеңсеси ырастады. Ал өлкөдөгү эң таасирдүү жетекчилердин бири катары саналганын чет элдик басылмалар билдиришүүдө.
Маалым болгондой, өлкө президенти Масуд Пазешкиан Али Лариджанинин өлүмү үчүн өч аларын убада кылды.
Ирандын Tasnim News агенттиги Али Лариджани менен кошо анын уулдарынын бири жана катчынын коопсуздук кызматынын башчысы да каза болгонун жазды. Иран бийлиги өлүмдүн себебин ачыктаган жок.
Буга чейин Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Али Лариджани Тегеранга жасалган израилдик чабуул учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген.