Нью-Йорктогу Ла-Гуардиа аэропортунда жүргүнчү ташыган учак менен өрт өчүрүүчү унаа кагылыша кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.
Андагы маалыматка ылайык, учурда аталган аэропортто каттамдар токтотулган. Анда конууга келген CRJ-900 учагы ал жердеги өрт өчүрүүчү унааны сүзүп, кеминде унаадагы төрт адам жаракат алган.
Ал эми учакта 100гө жакын жүргүнчү болгон. Учурда алардын абалы тууралуу маалымат такталууда. Тергөөчүлөр кагылышуунун себептерин жана жагдайларын аныкташууда.