Биз социалдык тармакта

Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

АКШ менен Иран өлкөлөр ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча “жемиштүү сүйлөшүүлөрдү” өткөрдү. Бул тууралуу АКШ лидери Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирди.

"АКШ менен Иран акыркы эки күндүн ичинде Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты толук жана биротоло чечүү боюнча абдан жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн кубануу менен кабарлайм", - деп жазган Трамп.

Трамп анда Ирандын электр станцияларына сокку урууну убактылуу токтотконун белгилеген. Бирок ал чабуулдарга коюлган чектөөлөр "учурдагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр ийгиликтүү уланса" күчүндө кала берерин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан