Биз социалдык тармакта

Трамп АКШ менен Иран Ормуз кысыгын биргелешип көзөмөлдөсө болорун билдирди 

АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШ менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, Ормуз кысыгы жакын арада ачыларын айтты. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Анда АКШнын лидери Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүн АКШ менен Иран биргелешип көзөмөлдөй турганын да белгилеп өткөн.

"Ормуз кысыгы биргелешкен көзөмөлдө болот. Балким, жалгыз менин көзөмөлүмдө же болбосо Ирандын кийинки лидери экөөбүздүн көзөмөлдө болушу мүмкүн",- деген Трамп.

Ошондой эле ал Вашингтон менен Тегеран лидерлери дүйшөмбү күнү телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн жана ал улана турганын кошумчалай кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан