Биз социалдык тармакта

Трамп: "Иран тынчтык планынын негизги бөлүгүн кабыл алды"

АКШ президенти Дональд Трамп Иран тарап АКШ сунуштаган тынчтык планынын негизги бөлүгүнө макул болгонун билдирди. Бул тууралуу Трамп жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айткан.

Андагы маалыматка ылайык, учурда Вашингтон дагы кошумча талаптарды коюуну көздөп жатат.

"Алар биздин көпчүлүк пункттарга макул болушту. Биз 15 пункт сунуштаганбыз, негизинен кабыл алынды, эми дагы бир-эки кошумча талап киргизебиз",- деген Трамп.

Белгилүү болгондой, буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Иранга чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган 15 пункттук долбоор берилгенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан