Жылнаама, 26-январь: Мындан 226 жыл мурда Сидней шаары негизделген

*Мындан 226 жыл мурда Сидней шаары негизделген. Ал Австралиядагы европалыктар отурукташкан биринчи шаар. Учурда Сиднейде 5 миллионго жакын адам жашайт. 
*1921-жылдын 26-январында япониялык жеке ишкер Акио Морита жарык дүйнөгө келген. Ал бош убактысынын көпчүлүк бөлүгүн электрониканы окуп үйрөнүүгө жумшачу. Кийин атактуу “Sony” компаниясын негиздеген. 
*Мындан 103 жыл мурун, тактап айтканда, 1911-жылдын 26-январында Глен Кёртис башкарган гидроплан биринчи жолу асманга көтөрүлгөн. Ал кургакта да, суу да жүрө алчу. Муну байкаган АКШ, Орусия, Япония, Германия сыяктуу ири өлкөлөр дароо сатып алышкан. 
*2001-жылдын бул күнү Индиянын Гужарат штатында күчү 7,9 баллга жеткен зилзала болгон. Анын кесепетинен 20 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан