Жылнаама, 28-январь: 46 жыл мурун КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов туулган

* 1933-жылы - (81 жыл мурун) Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана аскер депутаттарынын кеңеши жүк ташуучу унаа жана жандыктары барларды милдеттүү эмгекке тартуу жобосун киргизген.

* 1955-жылы (59 жыл мурун) Франциянын 23-президенти Николя Саркози төрөлгөн.

1968-жылы (46 жыл мурун) КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов туулган. КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. 10 бир туугандын кичүүсү. 2-класстан кийин Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Ал бир нече эл аралык сынактарда кыргыздын желегин желбиретип келген. Ал эми 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыган.

* 1978-жылы (36 жыл мурун) Италия курама командасынын жана туриндик “Ювентус” футболдук клубунун дарбазачысы Жанлуижи Буффон туулган. “Супермен”, “Эль-Буфф” каймана аттары менен футбол коомчулугуна таанылган дарбазачы 1995-жылы “Парма” футболдук клубунда профессионалдык карьерасын баштаган. 2001-жылдан бери туриндик “Ювентустун” дарбазасын коргоп келет жана ал клубдун курамында 6 ирет Италиянын чемпиону аталган. 2006-жылы Италия курама командасынын курамында Германияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган.  

* 2012-жылы (2 жыл мурун) Кыргызстандын убактылуу кармоо жайлары менен түрмөлөрүндө отургандар ачкачылык акциясын токтотушкан.

2013-жылы (1 жыл мурун) “Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева 10 күндүк эс алууга Гоага сапар алган.   


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
skromnica-1
2014-01-27 23:20:59
Гоага сапар алган..ха..ха..аябай укмуш события болуптур го..Кыргызстандын тарыхында..
0
Jikos
2014-01-28 11:15:20
Мен да бир каткырып алдым , ха ха го , сапар алганын ал озу деле унутуп калса керек го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан