29-январда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C
Эскертүү
30-31-январда жана 1-февралда өрөөндөрдө жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы 31-январда, 1-февралда кескин төмөндөп кетет. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле автоунаа, байланыш түйүндөрү, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.
28-29-январдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү күтүлөт. Жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.