Жылнаама, 29-январь: Мындан 1 жыл мурун "Чиркин өмүр" сериалында Зикинтайдын образын ачкан Актриса Зарылкан Бообекова каза болгон

*Мындан 22-жыл мурун, 1992-жылы америкалык блюзмен, композитор, продюсер Вилли Диксон каза болгон. Ал рок-н-роллдун өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген блюздун музыканты. Анын чыгармаларын кезинде атактуу рок-ырчылар аткарышкан.
 
*Мындан 14-жыл мурун, 2000-жылы Лас-Вегастагы казинонун официанты Синтия Жей оюн автоматында дүйнөдөгү эң чоң утушту (35 миллион доллар) жеңип алган.
*Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы актриса Зарылкан Бообекова Бишкек-Торугарт жолунда болгон автокырсыктан 54 жаш курагында каза болгон. Актриса бир топ көркөм тасмаларда роль жараткан. Алардын бири көп сериялуу "Чиркин өмүр" тасмасындагы Зикинтайдын ролу. Мындан тышкары орусиялык режиссёр Влад Фурмандын “Үй-бүлөлүк үй” фильмине тартылган.
*Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы баңгизаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин бир тууганы Мовсарүйүнөн апийим табылгандыгы үчүн кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. 
Аталган агенттиктин кызматкерлери 2011-жылдын 15-январында 1965-жылы туулган М.Ю., 1975-жылы туулган А.Р. аттуу жарандарды кармашкан. Аларды тинтүү учурунда 1,6 килограмм героин, 3 медициналык ийне табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, экөө тең камакка алынган. Алар берген маалыматтарга ылайык, оперативдик-иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Натыйжада Мовсар Батукаев жашаган үй тинтүүгө алынган. Үйдүн жертөлөсүнөн 733 грамм апийим табылып, үй ээси Мовсар Батукаев камакка алынган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dasmond
2014-01-28 21:16:58
Зарылкан Боoбекова олгондогусy сайтка чыкты беле, болсо ссылкасын бериниздерчи?
+1
admin_superstan
2014-01-29 11:46:12
Bagirra
2014-01-29 11:32:50
иий Зарылкан эже отуп кетти беле, эн аянычтуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан