Ош. Манас-Ата кичи районунда жаңы мечит салынат

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда чоң мечит салынат. Бул тууралуу  бүгүн, 29-январда Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, мечитке сарпталуучу каражат даяр. "Каражат маселеси чечилген. Эми шаардын жаңы мэри менен сүйлөшүп, жер маселесин кеңешсек, мечиттин курулушу башталат”,- деди Сарыбаев.
Мындан сырткары Ош шаарындагы Имам Аль-Бухари «Алай» мечитинин имараты заманбап шарттар менен 5 кабаттуу болуп кайрадан салынарын жана аялдар үчүн намазкана дагы ачыла турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан