Ош шаарында 48 саатка
суу токтотулуп, кышка карата түтүктөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүп бүттү. “Бизге бөлүнгөн
убакыттан 19 саат эрте бүтүрүп, элге сууну берип баштадык. Буюрса, жазгы тазалоо
иштерине чейин суу токтотулбайт. Ош дөңсөө жерде жайгашкандыктан, көп райондорго
сууну насос аркылуу беребиз. Ошол себептен жарык өчкөн убакта кээ бир райондордо
суу да токтоп калат. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилсе эле, бизде кышка
карата даярдык жакшы”- дейт Суу канал ишканасынын жетекчиси Д.Көкөчөров.