Жылнаама, 30-январь: Мындан 22 жыл мурун Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө болгон

1882-жылы (132 жыл мурун) АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт жарык дүйнөгө келген. Ал АКШнын тарыхында 4 мөөнөткө шайланган жалгыз президент болуп саналат.  

* 1962-жылы (52 жыл мурун) ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев төрөлгөн. Маркум кримавторитет Рысбек Акматбаевдин иниси, ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев Ысык-Көл областына караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Ал 2005-жылы 20-октябрда №31 колонияда чыккан көтөрүлүштө орун алган атышууда октон каза тапкан.  

1965-жылы (49 жыл мурун) ырчы, актёр Абдумалик Шерматов туулган. Ал Өзгөн районунун Кароол айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге алынып, Орусиянын Ульяновск областында кызмат өтөгөн. Аскерден келген соң Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Окуусун бүткөндөн кийин "Жаштар" театрында иштеп, кыргыз эстрадасына кадам таштаган.

* 1989-жылы (25 жыл мурун) акын Турар Кожомбердиев 48 жашында дүйнөдөн кайткан. Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрөт.

1992-жылы  (22 жыл мурун) Кыргызстан ЕККУга мүчө болгон. Кыргызстан ОБСЕ же ЕККУ - Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму. Бул эл аралык уюмдун башаты деп 1973-жыл эсептелинет. ЕККУга бардыгы болуп 57 өлкө кирет.

* 2008-жылы Экс-президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Каржы министрлиги башталгыч класстардын ар бир окуучусу үчүн бир стакан сүт жана токочко 7 сомдон бөлө баштаган.   

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан