30-январда Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -3°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -3°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз 0°C, түнкүсүн -11°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -1°C
Эскертүү!
30-31-январда жана 1-февралда өрөөндөрдө жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы 31-январда, 1-февралда кескин төмөндөп кетет. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле автоунаа, байланыш түйүндөрү, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.
28-29-январдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү күтүлөт. Жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.