Жылнаама, 31-январь: Мындан 73 жыл мурун “Латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине которуу” жөнүндө мыйзам чыккан

* 1865-жылы (149 жыл мурун) орусиялык химик Дмитрий Менделеев “Спирттин суу менен аралашмасы жөнүндө” деген темада диссертация жактаган.    

* 1911-жылы (103 жыл мурун) болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга туулган (чын аты-жөнү Вангелия Пандева-Гуштерова).

* 1941-жылы (73 жыл мурун) “Латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине которуу” жөнүндө мыйзам чыккан. Кыргыз калкынын жазма маданият тарыхындагы бурулуш окуя жасалган. Буга чейин жүргөн даярдоо жана изилдөө иштеринин натыйжасында кыргыз алфавити латынчадан жаңы кирилл графикасына которулган. Кирилл тамгаларынын киргизилиши кыргыз илим-билиминин жаңы орбитага чыгышына өбөлгө түзгөн. Орус графикасы аркылуу советтик маданиятка аралашып, андан ары дүйнөлүк баалуулуктар менен баарлашуу багыты ачылган.

* 1981-жылы (33 жыл мурун) америкалык ырчы, актёр Жастин Тимберлейк төрөлгөн. Ал АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында туулган.    

 Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан