1-февралда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -17°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -18°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -1°C, түнкүсүн -9°C
Баткен облусу. Күндүз -2°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -2°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -17°C
Бишкек шаары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -16°C