2-февралда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -20°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -12°C
Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -13°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C
Бишкек шаары. Күндүз -10°C, түнкүсүн -18°CЭскертүү!
1-февралдан 4-февралга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. 3-февралдан 5-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай аба ырайы кыштоолордо мал кармоону кыйындатат, унаа жолдорунун, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат. Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, жогорудагы аймактарда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.