Жылнаама, 2-февраль: Мындан 55 жыл мурун Түндүк Уралда 9 кишиден турган туристтик топ белгисиз себептерден улам каза болушкан

* Мындан 120 жыл мурун, 1885-жылы жарандык согуш жылдарында Кызыл Армияны жетектеген Михаил Фрунзе Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1896-жылы 7 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербургдагы Политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин граждандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. Михаил Фрунзе ашказан жарасына кабылып, 1925-жылы операция учурунда каза тапкан.
* Мындан 55 жыл мурун, 1959-жылы Түндүк Уралда Игорь Дятлов жетектеген 9 кишиден турган туристтик топ белгисиз себептерден улам каза болушкан. Туристтердин табышмактуу өлүмү азыркыга чейин журналисттердин, саясатчылардын жана изилдөөчүлөрдүн көңүл борборунда болуп келет.
* Мындан 37 жыл мурун ырчы, бийчи, композитор Шакира Риполль Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберактын улуту араб, кесиби жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шаки апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, үч жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми төрт жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашы жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтү­нүш­көн. Жүргүзүлгөн экзамендин на­тыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакини сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштаган. Чыгармачыл чөйрөдө өзүн ар тараптан сынап көрүп, ырдоону чечкен. Шакиранын “Кир жуучу жайдын тейлөөсү” ("Laundry Service") аттуу альбому атактуулуктун туу чокусуна жетүүгө мүмкүндүк берген. Бул альбомдун ичиндеги тогуз ыры англис, төрт ыры испан тилинде жазылган. Альбомдогу “Качандыр бир” ("Whenever, whenever") аттуу ыры өзгөчө мыкты аткарылып, ырчыны дүйнөгө тааныткан. Ырга жарашыктуу клип дагы тартылган. Бул клипте Шакира өзүнүн бийлөө талантын жакшы көрсөтө алган. Бул ыры дүйнө жүзүндөгү 1-орундагы хит болуп аталган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsa1984
2014-02-02 10:50:34
Уралдагы туристтердин табышмактуу өлүмүн химиялык курал менен да байланыштырып жүрүшөт го.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан