Аба ырайы, 3-февраль: Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт

3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -19°C, түнкүсүн -21°C

Талас облусу. Күндүз -19°C, түнкүсүн -23°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C

Баткен облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -16°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -9°C

Нарын облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -10°C

Бишкек шаары. Күндүз -18°C, түнкүсүн -19°C

Эскертүү! 1-февралдан 4-февралга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. 3-февралдан 5-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп кетет. Мындай аба ырайы кыштоолордо мал кармоону кыйындатат, унаа жолдорунун, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат. Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, жогорудагы аймактарда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asus84
2014-02-03 09:29:24
эртен менен жумушка 1-30 саат дегенде аран келдим тонуп калдым калчылдап эмдигиче жылынынгычтын мандайында отурам ушуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан