Жылнаама, 3-февраль: Мындан 1 жыл мурун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын кайтарууга алган 39 жоокер качып кеткен

* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы эстрада ырчысы Самат Дөөлөтбаков төрөлгөн. Токмоктогу түрк лицейин бүтүргөндөн кийин 2001-жылы Бишкектеги Эл аралык университетине тапшырып, ошол кездеги эл аралык компьютер тармактары факультетин, андан соң ушул эле окуу жайдын эл аралык бизнес бөлүмүн аяктаган. "Сени издейм", "Учкум келет", "Алыстык", "Теңтуштар" жана башка көптөгөн ырлардын автору. 

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Султан Раев өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун кызматынан бошотулган. ЖКнын “Ак жол” фракциясы АКШ жараны, сүрөтчү Сергей Мельниковду колдоп, Бишкекте өтүүчү көргөзмөсүнө макулдугун бергендиги үчүн өкмөт башчысына Султан Раевге карай чара көрүү талабын койгон. Депутаттар “С.Мельников Орусияга каршы курч сындарды айтып келет. Андыктан сүрөтчүнүн көргөзмөсүнүн Бишкекте өтүшү эки мамлекеттин мамилесине доо кетирет” деген ойлорун айтышкан. Султан Раев учурда Маданият, маалымат жана туризм министри. 

* Мындан 1 жыл мурун Бишкекте ИИМдин №702-ички аскер бөлүгүнөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын кайтарууга алган 39 жоокер качып кеткен. Ал жоокерлер 2013-жылдын жаз айларында аскердик кызматын өтөп бүтүшмөк. 4-февралда ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен 39 жоокердин 32си кайтып келген. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан