* Мындан 3 жыл мурун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4-февралдагы отурумунда Апрель окуяларынан бери мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов жана вице-мэр Вячеслав Красиенконун талапкерлигин шаар мэринин кызматына көрсөтүшкөн. Бирок Красиенко Өмүркулов канааттандырарлык иштеп жатканын кабарлап, өз демилгеси менен шайлоого катышуудан баш тарткан. Натыйжада шаардык кеңештин депутаттары бир талапкер үчүн жашыруун добуш берип, 40 депутаттын ичинен 39 депутат Иса Өмүркуловду колдогон. Шаар башчысына шайлоо өткөрүү 2-февралдагы президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык ишке ашкан. И.Өмүркулов 2013-жылдын 4-декабрында өз арызы менен кызматтан кетти. Ага "шаар башчысы болуп турганда мыйзамсыз жер саткан" деген айып тагылууда.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы коргоо министри Эсен Топоевдин журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасы кабыл алынгандыгы кабарланган. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген.
Мындан тышкары дүйнөлүк масштабдагы террордук кыймылдын күч алышын эске алып, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн курамында чакан чагылган аракетчил топтун түзүлө тургандыгы маалымдалган.
* Мындан 81 жыл мурун советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша Москвада туулган. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген Орусиянын 1-каналындагы "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып бара баштаган.
Жылнаама толугу менен бул жакта...