5-февралда түнкүсүн айрым аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -23°C
Талас облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -25°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -13°C, түнкүсүн -24°C
Баткен облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -23°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз -11°C, түнкүсүн -21°C