* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев туулган. Исаев Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калиновка айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн. 2010-жылдын октябрында “Республика” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин "Республика" депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген. Ошондой эле 2010-2012-жылдары "Биримдик жана өнүгүү" жана "Биримдик" парламенттик фракцияларынын көпчүлүк коалицияларынын төрагасы, 2013-жылдын 16-майынан баштап "Ынтымак" депутаттык тобунун жетекчиси болгон.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган. Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы кримавторитет катары таанылган Рысбек Акматбаевди ЖКнын депутаттыгына талапкер катары каттаган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Украинада президенттик шайлоонун 2-туру болуп, Виктор Янукович жеңишке жетишкен. Президенттикке 18 талапкер катталган. 1-турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Виктор Янукович көбүрөөк добуш топтой алган. Бирок бул жыйынтык менен ал президент боло алган эмес. Себеби өлкөнүн мыйзамы боюнча 1-турда 50 пайыздан көп добуш алган талапкер президент болуп шайлана алат. 1-турда эч ким көрсөтүлгөн пайыздан жогору добуш топтой албагандыктан, шайлоонун 2-турун өткөрүү белгиленген. 2-турда Януковичтин негизги атаандашы Юлия Тимошенко болгон. Жылнаама толугу менен бул жакта...