Аба ырайы, 9-февраль: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт

9-февралда аймактарда күндүз кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -19°C

Талас облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -22°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -11°C, түнкүсүн -20°C

Баткен облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -18°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -14°C

Нарын облусу. Күндүз -18°C, түнкүсүн -31°C

Бишкек шаары. Күндүз -8°C, түнкүсүн -16°C

Эскертүү!

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда 7-февралдан 10-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emilkyrshab
2014-02-09 22:53:14
Бугун биздин суйуктуу порталга эмне болду?Же дем алышпы бугун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан