Жылнаама, 9-февраль: Мындан 59 жыл мурун экс-депутат, меценат Аскар Салымбеков туулган  

* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы Бишкек шаарынын экс-мэри, меценат Аскар Салымбеков туулган. Жогорку Кеңештин 3-4-чакырылыштарынын депутаты Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Дене тарбия институтунда Комсомол комитетинин катчысы болуу менен эмгек жолу башталган. Кийин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин аппаратында бөлүм башчы, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1991-жылы Бишкек шаарында атактуу "Дордой" базарын негиздеген. Аскар Салымбеков 1999-жылдан 2005-жылга чейин Нарын облусунун губернатору болуп иштеген. Ошондой эле ал республиканын Спорт боюнча журналисттер федерациясынын президенти, көк бөрү оюнун жаңыча уюштуруунун демилгечилеринин бири. "Дордой" футболдук жана көк бөрү командаларын негиздеп, аларга камкордук кылып, белгилүү спортчуларга, көрүнүктүү чыгармачыл инсандарга демөөрчү болуп, кайрымдуулук акцияларына да активдүү катышып келген.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Пакистандын Чарсадда шаарында улуттук партия өткөрүп жаткан митингде террорчу өзүн жардырып жиберген. Кырсыктан 27 киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте "Тамашоу" долбоорунун кышкы фестивалынын биринчи күнкү оюндары болуп өткөн. Анда “Эң мыкты команда” наамына “No name” командасы ээ болсо, "NutsТан" командасынын мүчөсү Эламан Аскарбеков “Эң мыкты оюнчу” деп табылган. Ал эми “Тамадалар” командасынын аткарган оюндары калыстар тобунун чечими менен “Эң мыкты тамаша” наамын жеңип алган. Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан